Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын
2024-жылдын 28-июну №10
«Шаардык мэриянын 26.06.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планындагы максаттарга республикалык бюджеттен кошумча акча каражатын бөлдүрүү тууралуу” №01-21/1849 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 26.06.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планындагы максаттарга республикалык бюджеттен кошумча акча каражатын бөлдүрүү тууралуу” №01-21/1849 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 28- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 26.06.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планындагы максаттарга республикалык бюджеттен кошумча акча каражатын бөлдүрүү тууралуу” №01-21/1849 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Шаардык мэриянын 26.06.2024-жылдагы №01-21/1849 сандуу кайрылуу катында көрсөтүлгөн Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планындагы максаттарга республикалык бюджеттен кошумча 200 000 000 ( эки жүз миллион) сом акча каражаты максаттуу трансферт катары суралсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешининтөрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
С.Бабатаев |