Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын
2024-жылдын 28-июну №11
«Шаардык мэриянын 29.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун кайрадан бекитип берүү тууралуу” №01-21/1564 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 29.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун кайрадан бекитип берүү тууралуу” №01-21/1564 кайрылуу каты жөнүндө маселе боюнча шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Бабатаевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 28- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 29.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун кайрадан бекитип берүү тууралуу” №01-21/1564 кайрылуу каты жөнүндө маселе боюнча шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Бабатаевдин жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Шаардык мэриянын 29.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун кайрадан бекитип берүү тууралуу” №01-21/1564 кайрылуу каты жөнүндө маселе жүйөлүү себептерге байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешининтөрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
С.Бабатаев |