Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын
2024-жылдын 28-июну №12
«Таш-Көмүр шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө».
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 19.06.2024-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке, Советтер Союзунун (СССР) бокс боюнча спорттун чебери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI чакырылышынын депутаты, “Кумтор Голд Компани” ЖАКнун директорлор кенешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясынын Президенти Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичке, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын Россия Федрациясындагы мурунку элчиси Гулнара-Клара Саматка, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V чакырылышынын депутаты, “Кумтор Голд Компани” ЖАКнун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу борбордук лаборатория мамлекеттик ишканасынын директору Мурзабеков Кантемир Зулумовичке “Таш-Көмүр шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуу сунуштары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын катчысы А.Сыдыкованын маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 28– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын 19.06.2024-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке, Советтер Союзунун (СССР) бокс боюнча спорттун чебери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI чакырылышынын депутаты, “Кумтор Голд Компани” ЖАКнун директорлор кенешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясынын Президенти Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичке, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын Россия Федрациясындагы мурунку элчиси Гулнара-Клара Саматка, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V чакырылышынын депутаты, “Кумтор Голд Компани” ЖАКнун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу борбордук лаборатория мамлекеттик ишканасынын директору Мурзабеков Кантемир Зулумовичке “Таш-Көмүр шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тууралуу сунуштары жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын катчысы А.Сыдыкованын маалыматы эске алынсын.
2. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, Таш-Көмүр шаарынын социалдык – экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке, Советтер Союзунун (СССР) бокс боюнча спорттун чебери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI чакырылышынын депутаты, “Кумтор Голд Компани” ЖАКнун директорлор кенешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук бокс федерациясынын Президенти Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевичке, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын Россия Федрациясындагы мурунку элчиси Гулнара-Клара Саматка, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин V чакырылышынын депутаты, “Кумтор Голд Компани” ЖАКнун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу борбордук лаборатория мамлекеттик ишканасынын директору Мурзабеков Кантемир Зулумовичке “Таш-Көмүр шаарынын Ардактуу Атуулу” наамы ыйгарылсын жана «Шаардын Ардак Китебине» жазуу жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешининтөрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
С.Бабатаев |