Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын
2024-жылдын 28-июну №13
«Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-2027-жылдарга долбоорунун алгачкы божомолу жөнүндө».
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-2027-жылдарга долбоорунун алгачкы божомолу тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 28- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-2027-жылдарга долбоорунун алгачкы божомолу тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардын 2025-2027-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун алгачкы божомолу № 1; 2; тиркемелерге ылайык жактырылсын.
3. Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-2027-жылдарга жактырылган алгачкы божомолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешининтөрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу: |
С.Бабатаев |