Загрузка документа…
САРУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДАШЕВ АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 113
Айыл өкмөтүнүн балансасындагы кой жана топозду келишимдин негизинде бактырууга уруксаат берүү жөнүндө
Саруу айыл өкмөтүнүн балансасында турган 84 баш кой жана 66 баш топозду келишимдин негизинде бактыруу тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишердин билдирүүсун угуп, депутаттардын сунушун эске алып көпчүлүк депутаттардын келишим менен бактыруу тууралуу добуш бергендигине байланыштуу Алдашев айыл кенешинин сессиясы т о к т о м к ы л а т:
1. Айыл өкмөтүнүн балансасында турган 84 (сексен төрт)баш кой баласына жана 66 (алтымыш алты баш) топозду келишимдин негизинде бактырууга уруксаат берилсин:
- айыл өкмөтүнүн балансасында турган 84 (сексен төрт) баш койду беш жылга 2023-2028-жылда багып жылына 30 (отуз) козудан төл кошуп 2028-жылы 1-октябрь айында 234 (эки жүз отуз төрт) баш ургачы койду айыл өкмөтүнө өткөрүп берет;
- айыл өкмөтүнүн балансасында турган 66 (алтымыш алты)баш топозду беш жылга 2023-2028-жылга багып жылына 25 (жыйырма беш) баш мамалак төл кошуп 2028-жылы 1-октябрь айында 191 (жүз токсон бир) баш ургачы топозду айыл өкмөтүнө өткөрүп берет.
- айыл өкмөтү тарабынан кой,топоздорду багууга эч кандай каражат бөлүнбөйт, малчылар бардык чыгымдары өз мойнуна алат.
2. Малчылар менен келишим түзүп кой жана топозду акт менен малчыларга өткөрүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кенешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Айыл кеңешинин төрагасы |
| А.Оморова |