Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык Кенешинин (7-чакырылышы) кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясынын
2024-жылдын 25-июлу № 28-1
Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-январындагы айылдык кеңештин № 24-6 токтому менен бекитилген бюджетинин алты айлыкта аткарылышынын абалы тууралуу
Айыл өкмөтүнүн алты айлык бюджетинин аткарылышынын абалы жана айылдык кеңештин 2024-жылдын 13-январындагы № 24-6 токтому менен бекитилген бюджетине тактоолорду жүргүзүү тууралуу айыл өкмөтүнүн жана туруктуу комиссиянын берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде аткарылган иштер боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Айылдык кеңештин 2024-жылдын 13-январындагы № 24-6 токтому менен бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоолорду, толуктоолорду жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.С. Абдырахманов |