Редакцияот 20.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДАШЕВ АЙЫЛ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

ХХУ111 чакырылышынын № 36 кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 20-мартындагы № 120

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 22.02.2023-жылдагы № 01-43/54 катында каралган Жууку айылын жакынкы жайгашкан Саруу айылына бириктирүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 22.02.2023-жылдагы № 01-43/54 катына негизинде Алдашев айыл кенешинин депутаттарынын талкуусуна ылайык Алдашев айыл кенеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 22.02.2023-жылдагы № 01-43/54 катына ылайык Жууку айылындагы туруктуу жашаган эл менен жолугушуп Жууку айылын Саруу айылына бириктирүү тууралуу протоколун даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек улуу Алишерге милдеттендирилсин.

2. Жууку айылынын туруктуу жашаган эли менен жолугушунун протоколунун негизине жана “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабына ылайык келген учурда кана Жууку айылын жакынкы жайгашкан Саруу айылына бириктирүүгө уруксаат берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Айыл кеңешинин төрагасы

 

А.Оморова