Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык Кенешинин (7-чакырылышы) кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясынын
2024-жылдын 25-июлу № 28-2
“Жеткинчек-Кеңеш” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө
“Жеткинчек-Кеңеш” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу тууралуу ата-энелердин суроо-талаптарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жеткинчек-Кеңеш” балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Керектүү иш-кагаздарын даярдап, билим берүү бөлүмүнө тапшыруу жагы балдар бакчасынын башчысы Абдыразакова Анара Айдаралиевнага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.С. Абдырахманов |