Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 27-апрели № 3

 

Чубак Сатаев атындагы маданият үйүнүн аймагындагы Улуу Ата-Мекендик согушунда курман болгон жоокерлерине арналган эстеликтин чыгыш тарабына видео көзөмөлдөө камерасын орнотуу үчүн 16 квадрат метр жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э.Буланбековдун, Ч.Сатаев атындагы маданият үйүнүн аймагына видео көзөмөлдөө камерасын орнотуу үчүн 16 квадрат метр жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап, Боо-Терек айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кенешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айыл аймагынын Чубак Сатаев атындагы маданият үйүнүн аймагындагы Улуу Ата-Мекендик согушунда курман болгон жоокерлерине арналган эстеликтин чыгыш тарабына видео көзөмөлдөө камерасын орнотуу үчүн 16 квадрат метр жер тилкеси Талас облустук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышынын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Мамыралиев А.