Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-апрели № 4
“Н.Молдалиев” атындагы бала-бакчасына жана “Сүйүн-Апа” атындагы бала-бакчасына чарбалык муктаждыктарын чечүү үчүн 1,5 гектардан айыл чарба багытындагы айдоо суугат жерлеринен 3 гектар жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
“Н.Молдалиев” атындагы бала-бакчасына жана “Сүйүн-Апа” атындагы бала-бакчасына чарбалык муктаждыктарын чечүү үчүн 1,5 гектардан айыл чарба багытындагы айдоо суугат жерлеринен 3 гектар жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Боо-Терек айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттарынын XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Н.Молдалиев” атындагы балдар-бакчасына жана “Сүйүн-Апа” атындагы балдар-бакчасына чарбалык муктаждыктарын чечүү үчүн, айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы айдоо суугат жерлеринен эки бала-бакчанын ар бирине 1,5 гектардан, жалпысы 3 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Мамыралиев А. |