Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык Кенешинин (7-чакырылышы) кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясынын
2024-жылдын 25-июлу № 28-3 Куу-майдан айылы
Билим берүүчү мектептердин таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым тууралуу
Айыл өкмөт башчысынын Билим берүүчү мектептердин таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым акысы төлөнбөй келе жаткандыгын жана ушул маселени кантип чечүү керектиги тууралуу көйгөйүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1, 11-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин 24-бөлүмүнүн 74-75-76-беренелерине ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Билим берүүчү мектептердин таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым акысынын өлчөмүн жана төлөө булактарын тактап туруп, кайрадан сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирисин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.С. Абдырахманов |