БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-апрели № 6
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-жылындагы атайын каражатынын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинин 2023-жылдын 9-февралындагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин ХХХII чакырылышындагы депутаттардын XXII сессиясынын №9 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык Кеңешинин ХХХII чакырылышындагы депутаттардын XXIV сессиясы, 2022-жылдын атайын каражатынын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндөгү 2023-жылдын 9-февралындагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин ХХХII чакырылышындагы депутаттардын XXII сессиясынын №9 токтомунун Турак-жай коммуналдык бөлүмүнүн 2215 статьясынан ар кандай чыгымдарынан бөлүштүрүлгөн 102000 сом акча каражатынан ич ара бөлуштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак-жай коммуналдык бөлүмүнүн 2215-статьясынын ар кандай иш-чараларга деп бекитилген 102000 сом акча каражатынын ичинен 50000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн кабинеттерин актап сырдоо иштерине бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы КЭБ башчысы Р.Дуйшенкуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Мамыралиев |