Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26-августундагы № 176
Жер тилкесин максаттык багытын ѳзгѳртүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын инвестициялык-экономикалык кɵрсɵткүчтɵрүн артыруу жана жерлерди эффективдүү пайдалануу максатында Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 1,40 (контур № 3040) жер тилкесин “мал камак үчүн” жерлери категориясынан “күнѳскана” куруу үчүн жерлер категориясына которууга айыл ѳкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын корутундусу, Ысык-Кѳл райондук агрардык ѳнүктүрүү башкармалыгынын 01.03.2022-жылдагы №01-17/78 каты,Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин 26.02.2022-жылдагы №01-5/68 каты, Шаар курулуш жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун курорттук-рекреациялык жана туристик комплекстер боюнча Ысык-Кѳлдѳгү филиалынын 14.02.2022-жылдагы №КА-1/9 катынын негизинде, карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 1.40 га “мал камак” үчүн каралган жер тилкесин “күнѳскана” куруу катары максаттык багыты ѳзгѳртүлсүн.
2. Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 1.40 га (контур № 3040) жер тилкесин “мал камак үчүн” каралган жер тилкесин “күнѳскана куруу” катары максаттык багытын ѳзгѳртүү жагы Ысык-Кɵл райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын
3. Токтомду аткаруу жагы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтомду кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |