Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 19-июлундагы № 166
2022-жылдын жыл ичинде муктаждыктарга карата акча каражатын жылдыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” VIII-бɵлʏмʏнʏн 78-беренесине ылайык, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын 2022-жылдын жыл ичинде муктаждыктарга карата акча каражатын жылдыруу жѳнүндѳ ФЭБ нүн башчысы башкы эсепчиси Ж.Учкемпированын кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2022-жылдын жыл ичинде муктаждыктарга карата акча каражаты тѳмѳндѳгүдѳй жылдырылсын.
-Чон-Сары-Ой айылындагы О.Джумаев орто мектебинин жылытуу системасына каралган акча -1700,0 мин сом;
-ЖКХ нын акча каражатын ирригация системасын оңдоого-1700,0 мин сом;
- Аппараттын башка чыгымдары үчүн-12,0 миң сом;
-Ѳрнѳк орто мектебине кѳмүр алуу-40,0 миң сом;
-ЖКХ нын кезектеги ремонт иштеринен башка чыгымдар үчүн-700,0 миң сом;
-Достук бала бакчасына эмерек алуу үчүн-4000,0 сом;
-ЖКХ дамбаларды оңдоо үчүн-600,0 сом;
2. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмɵтʏнʏн башчысы У.Абдырахмановко жана ФЭБ нʏн башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ɵнʏктʏрʏʏ боюнча” труктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳраганын орун басары |
| В.Кудабаева |