Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-июнундагы № 152
“Good Lake” эс алуу жайынын жетекчиси Лансарова Сониям Бакиевнанын кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин, “Good Lake” эс алуу жайынын жетекчиси Лансарова Сониям Бакиевнанын кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чон-Сары-Ой айылында жайгашкан “Good Lake” эс алуу жайына тиешелүү суу топтоочу жайды келишимдин негизинде айыл ѳкмѳтүнүн пайдалануусуна кабыл алынсын
2. Чон-Сары-Ой айылында жайгашкан “Good Lake” эс алуу жайынын пляждык зонасын ижара акысынан бошотулсун, жана узартуу укугу менен пайдаланууга берилсин.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомду кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |