Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-июнундагы № 151
«Жер тилкесин (трансформациялоо) боюнча сушуш киргизуу жɵнүндɵ»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесине ылайык ОсОО «Гриин Энерджи» суу электр чордону жоопкерчилиги чектелген коомунун жеткчиси Ч.Ш. Абыкеевдин кайрылуусун Чок-Тал айылынын карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Боз-Бешик аймагынан сайдын нугунан башкы гидротехникалык курулманы куруу үчүн 0,5 га жер тилкесин,
- Түштүк Боз-Бешик аймагынан 1-суу электр чордонунун имаратын куруу үчүн 0,5 га жер тилкесин
- Чок-Тал Тамчы суу бѳлүштүрүүчү дамбасынын үстүнѳн 2-суу электр чордонунун имаратын куруу үчүн 0,88 га жер тилкесин
- Башкы гидротехникалык курулма менен 1-суу электр чордонунун имаратына чейинки 1800 метр жерге туурасы 4 метр (1метр труба жаткырууга жана 3 метр жол тилкесин курууга) жалпы 7200м2=0,72га жер тилкесин
- 1-суу электр чордонунун имаратынан 2-суу электр чордонунун имаратына чейинки 3500 метр жерге туурасы 4 метр (1 метр труба жаткырууга жана 3 метр жол тилкесин курууга) жалпы 14000м2=1,4 га жер тилкесин
1. « Гриин Энерджи » суу электр чордону Жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Ч.Абыкеевкежалпы аянты Жалпы аянты 4(тѳрт) га «айыл чарба багытындагы жерлерин» узак мɵɵнɵттүү пайдаланууга жана башка категорияга, башкача айтканда «ɵнɵр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» которуу (трансформациялоо) 49(кырк тогуз) жылдык мɵɵнɵткɵ ижарага берилсин.
2. Жогорудагы жалпы аянты 4(тѳрт) га «айыл чарба багытындагы жерлерин» узак мɵɵнɵттүү пайдаланууга жана башка категорияга, башкача айтканда «ɵнɵр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» которуу (трансформациялоо) боюнча Ысык-Кɵл райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» жана «Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча туруктуу комиссияларларына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |