Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 02-февралы № 73
Юридикалык жактын жана жеке ишкерлердин жумушчуларынын жылдык орточо тизмесинин негизинде таштандыларын чыгаруу үчүн тарифин бекитүү жɵнʏндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын Кодексинин салыктык эмес кирешесинин 16-беренесин жетекчиликке алып, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджети ɵз убагында камсыз кылуу максатында таштанды чыгаруу тɵлɵмүн юридикалык жана жеке ишкерлердин жумушчуларынын жылдык орточо тизмесинин негизинде 100(жүз) сом ɵлчɵмүндɵ бекитилсин.
2.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмɵтʏнʏн башчысы У.Абдырахмановко ФЭБ нүн башчысы башкы эсепчи Ж.Учкемпировага жана кирешелер боюнча башкы адис Ж.Боромбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ɵнʏктʏрʏʏ боюнча” труктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |