Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-ноябрындагы № 191
Жер тилкесин ижарага алууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ѳрнѳк айылынын айыл башчысы Б.Кызаевдин жана айыл тургундарынын кайрылууларынын негизинде Ѳрнѳк айылына туристик этно шаарча уюштуруу масксатында Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Балыкчы токой чарбасынан Ѳрнѳк айылынын түштүк тарабында жайгашкан такой чарбасынын карамагындагы аянты 6,0 га жер тилкесин туристик этно шаарча уюштуруу үчүн Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын айыл Ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳзүп берүү жагы суралсын жана ижара келишими түзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомду кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |