Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29-ноябрындагы № 190
Жер тилкесин берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 13-сентябрындагы №448 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы Балыкчы токой чарбасынын 2022-жылдын 23-ноябрындагы №01-4/222 катынын, Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык кеңештин 2022-жылдын 29-ноябрындагы кезексиз XV-сессиясынын протоколунун негизинде Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чоң-Сары-Ой айыл аймагында “Сары-Карагай-Булак” аянты 88,0 га, “Тоо-Карагай-Булак” аянты 425,6 га, “Сары-Карагай-Булак” аянты 352,0 га идентификациялык номерлер 2-03-03-0003-0597, 2-03-03-003-0596, 2-03-03-0003-0595, 2-03-03-003-0607 токой баскан жерлер Балыкчы токой чарбасынын карамагына ѳткѳзүп берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомду кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |