Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-октябрындагы № 186
2022-жылдын жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражаттан муктаждыктарга жылдыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” VIII-бɵлʏмʏнʏн 78-беренесине ылайык, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын 2022-жылдын жыл ичинде муктаждыктарга карата акча каражатын жылдыруу жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн эсептешүү бухгалтери Т.Токтобаеванын кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2022-жылдын жыл ичинде муктаждыктарга карата акча каражаты тѳмѳндѳгүдѳй жылдырылсын.
-Чок-Тал айылындагы “Наристе” бала бакчасына тамак аш алуу үчүн-90,0
- Чок-Тал айылындагы “Наристе” бала бакчасына таш кѳмүр алуу үчүн-150,0
- Чок-Тал айылындагы “Наристе” бала бакчасына атайын балдар ойноочу аянтча алуу үчүн-550,0
- Чок-Тал айылындагы “Наристе” бала бакчасынын кире беришине чатыр коюу үчүн-337,0
-Сары-Ой айылына таза суу чыгуучу скважина каздыруу үчүн-1310,0
-Жайыт камитетинин кызматкерлерине эмгек акы соц фонд чегерүү менен, күйүүчү май, концелярдык буюмдары, чарбалык буюмдары үчүн-135,3
2. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмɵтʏнʏн башчысы У.Абдырахмановко жана ФЭБ нʏн эсептешүү бухгалтери Т.Токтобаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ɵнʏктʏрʏʏ боюнча” труктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |