Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 31-октябрындагы № 185
Сары-Ой айылынын түндүк тарабындагы №3099 контурунда жайгашкан, жалпы аянты 1,0 га жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын социалдык-экономикалык кɵрсɵткүчтɵрүн артыруу жана жерлерди эффективдүү пайдалануу максатында Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 1.0 га (контур № 3099) Калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында суу топтоочу жай (скважина) долбоорлоо жана куруу үчүн каралган жер тилкесин Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча айыл ѳкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун кайрылуусунун, Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын 17.10.2022-жылдагы №73 токтомунун негизинде, карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 1.0 га (контур № 3099) Калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында суу топтоочу жай (скважина) долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкеси муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Чон-Сары-Ой айыл Ɵкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомду кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Тѳрага |
| Т.Туйгунов |