Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги XXVΙ (жыйырма алтынчы) сессиясы

2024-жылдын 15-январы № 172/XXVΙ-28

А.Мурзалиев орто мектебинин директору Г.Элебесованын жылдык отчету

Ысык-Ата айыл аймагынын А.Мурзалиев орто мектебинин директору Г.Элебесованын берген баяндамасын Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары угуп,талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1. А.Мурзалиев орто мектебинин директору Г.Элебесованын жылдык отчетуна “канааттандырарлык” деген баа берилсин.

2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновго мектеп директору Г.Элебесова менен сессияда айтылган кемчиликтер боюнча алгылыктуу иш алып баруусу милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Ж.Бейшекеев