Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги XXVΙ (жыйырма алтынчы) сессиясы

2024-жылдын 15-январы № 173/XXVΙ-28

Штаттык бирдиктер жөнүндө

“Социалдык тармакта иштеген кенже техникалык тейлөөчү жумушчулардын кызмат орундарынын айлык акыларынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 01-августундагы № 433 токтомунун негизинде 2024-жылдын бюджетинин долбоорун карап талкуулап чыгып,Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Маданият тармагындагы китепканалар бөлүмүнүн от калоочусу 2 (эки) штаттык бирдиги ар бири 1 ставкадан бекитилсин.

2. ЖКХ бөлүмүнүн архивариус 1 (бир ) бирдиги 1 ставкадан бекитилсин.

Бул токтомдун аткарылышы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Ж.Бейшекеев