Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги XXVΙ (жыйырма алтынчы) сессиясы
2024-жылдын 15-январы № 175/XXVΙ-28
2023-жылдагы аймактын социалдык- экономикалык өнүгүү иштеринин аткарылышы жана 2024-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө А.Тологоновдун баяндамасы
Күн тартибинин кийинки маселеси боюнча Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Тологонов Аскат Момуналиевичтин отчетун Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. 2023-жылдагы аймактын социалдык- экономикалык өнүгүү иштеринин аткарылышы жөнүндө Тологонов Аскат Момуналиевичтин отчетуна “канааттандырарлык” баа берилсин.
2. 2024-жылга аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитилсин.
3. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен 2024-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планын жана 2024-жылга Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюжетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн 100 %га так, сапаттуу, мыйзам чегинде аткаруу Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Тологонов Аскат Момуналиевичке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
Токтом 11 добуш менен кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |