Редакцияот 02.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 2-июну № 2

 

Боо-Терек айылынын Алма-Бак 1 көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө

 

Боо-Терек айылынын Алма-Бак 1 көчөсүнүн атын которуу боюнча материалдарды карап, көчөнүн жашоочуларынын макулдугун эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобосунун 2-пунктуна ылайык, Боо-Терек айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э.Буланбековдун, Алма-Бак 1 көчөсүнүн атын Каралтаев Өскөналы деп өзгөртүү боюнча кайрылуусундагы сунуштамасы жана Алма-Бак 1 көчөсүнүн жашоочуларынын көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндөгү макулдугу эске алынсын.

2. “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” Жобосунун 2-пунктуна ылайык Боо-Терек айылынын Алма-Бак 1 көчөсүнүн аты “Каралтаев Өскөналы” деп аты өзгөртүлсүн.

3. Көчөнүн атын өзгөртүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга («Кадастр» мамлекеттик мекемесине, райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө) каттоодон өткөрүү боюнча иш аракеттерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.

4. Эскертмелерди жасоо жана орнотуу, көчөнү жарыктандыруу, оңдоп-түзөө иштери боюнча өндүрүштүк каржылоо жагы демөөрчүлөргө тапшырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

  

Төрага

Мамыралиев А.