Редакцияот 02.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 2-июну № 4

 

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунан максаттуу келген 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатты айыл өкмөттүн киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча планга тактоо киргизүү, сатып алуулар боюнча жылдык планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Сүйүн-апа атындагы балдар бакчасынын дене тарбия сабагына керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунан максаттуу келген 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатты айыл өкмөттүн киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча планга тактоо киргизүү, сатып алуулар боюнча жылдык планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштарды угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депуттардын XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндө көрсөтүлгөн акча каражаты жергиликтүү бюджеттин бала бакча бөлүмүнүн атайын каражат бөлүгүнүн 3111 статьясына алынсын:

·         “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору боюнча алкактык макулдашуунун негизинде берилүүчү:

- 200 000 (эки жүз миң) сом.

Бардыгы 200 000 (эки жүз миң) сом.

2. Ушул токтомдун 1чи пунктунда көрсөтүлгөн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты төмөндөгү статьясы боюнча чыгымдалсын:

·      - 3111 статьясы боюнча дене тарбиясы үчүн жабдууларды алууга:

- 200 000 (эки жүз миң) сом.

Бардыгы 200 000 (эки жүз миң) сом.

3. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча планга тактоо киргизүү, сатып алуулар боюнча жылдык планына өзгөртүү киргизүү айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкуловага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду аткаруу менен байланышкан бардык иштер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү, тиешелүү башка мыйзамдардын, алкактык макулдашуулардын талаптарына ылайык келтирилсин, ушул жылдын 31-сентябрына чейин аткарууга алынсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жоопкерчилиги айыл өкмөтүнүн башчысы У.Буланбековго милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

Мамыралиев А.