КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Бириккен Кең-Булуң айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 21 февралындагы № 2
«Бириккен Кең-Булуң айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу»
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Кең-Булуң айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 21-февралындагы №1 протокол бекитилсин.
2. Бириккен Кең-Булуң айыл аймагынын айылдык кеңешинин шайланган төрагасынын орун басарлары Абдыкулов Замирбек Таалайбекович, Керезбекова Малик Керезбекович деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| У.С.Раимбеков |