Загрузка документа…
КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2024-жылдын 21 февралындагы № 3
“Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл аймагынын Кең-Булуң айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кең-Булуң айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагынын «Ивановка айылдык кеңеши» жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл аймагынын «Кең-Булуң айылдык кеңеши» бириктирүү жолу менен «Кең-Булуң айыл аймагынын Кең-Булуң айылдык кеңеши» мекемеси түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде – “Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл аймагынын “Кең-Булуң айылдык кеңеши” мекемеси;
- расмий тилде Учреждение “Айылный кенеш Кен-Булун” Айылного аймак Кен-Булун Ысык-Атинского района Чуйской области;
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманова көчөсү № 29.
2. «Кең-Булуң айылдык кеңеши» мекемесинин Жобосу бекитилсин.
3. «Кең-Булуң айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Фурманова көчөсү № 29, болуп аныкталсын.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Кең-Булуң айылдык кеңешинин төрагасы |
| У.С.Раимбеков |