Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 18- чакырылышынын 3- кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-сентябры №3/3
Кара-Суу айыл аймагынын «2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына» өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын «2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жаңы редакцияда тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиев милдеттендирилсин.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |