Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 101 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майы № 86
"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү боюнча (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнө жана көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамына ылайык, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) тутумдарынын ишин камсыздоо, насостук-энергетикалык жабдууларды модернизациялоону, суу түтүк-канализациялык тармактарды реконструкциялоону, үй ичиндеги cуу түтүк-канализациялык тармактарын өз убагында жана техникалык тейлөөнү, керектөөчүлөргө коопсуздук стандарттарына жана гигиеналык талаптарга ылайык келген сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү, агынды сууларды кабыл алууну жана суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнө жана көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүүнү тийиштүү зарыл деңгээлде кармоо, ошондой эле финансылык милдеттемелерди аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-июнунан тартып төмөнкү тарифтер бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө;
2-тиркемеге ылайык, көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө.
2. Бишкек шаарынын мэриясына жана "Бишкексууканал" ӨЭБсына төмөнкүлөр тапшырылсын:
"башка керектөөчүлөр" категориясы үчүн ичүүчү сууга жана агындыларды кабыл алууга тарифтерди көбөйтүү тууралуу маселени иштеп чыгуу, ошону менен бирге, сууну көп пайдалануучу ишканалар (мончо, сауна, автожуугучтар, мал союучу жайлар жана башкалар) үчүн керектөөчүлөрдүн төртүнчү категориясын өзүнчө бөлүү жана алар үчүн "башка керектөөчүлөр" категориясына караганда тарифти жогору белгилөө жана жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизүү;
Бишкек шаарынын ЖЭБсына ичүүчү суунун ордуна техникалык суу берүү маселесин талдап чыгуу;
"Арча-Бешик" конушунун аймагын пилоттук долбоор үчүн аныктоо менен, "Бишкексууканал" ӨЭБсынын керектөөчүлөрүнө муздак сууну эсептөө приборлорун орнотуу боюнча пилоттук долбоорду үстүдөгү жылдын 4 айынын ичинде жайылтуу;
үстүдөгү жылдын аягына чейин Бишкек шаарынын керектөөсү үчүн тазаланган агынды сууларды (техникалык суу) пайдалануу мүмкүнчүлүгү максатында тазалоо курулмаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча стратегиялык планды иштеп чыгуу.
3. Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 118 "Бишкек шаарында суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө", 2019-жылдын 24-октябрындагы № 119 "Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу cуу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана турак жай-коммуналдык чарба маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу |
| Ж.А. Абдраимов |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 86 токтомуна 1-тиркеме |
Суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө ТАРИФТЕР
Керектөөчүлөрдүн аталышы | Суу менен жабдуу - ичүүчү сууну берүү, сом (1 куб.м үчүн) салыксыз | Сууну бөлүштүрүү (канализация) - агынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо, сом (1 куб.м үчүн) салыксыз |
Калк | 10,45 | 3,45 |
Бюджеттик уюмдар | 12,95 | 4,50 |
Башка керектөөчүлөр | 18,50 | 9,00 |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 86 токтомуна 2-тиркеме |
Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарды техникалык тейлөөгө ТАРИФТЕР
Керектөөчүлөрдүн аталышы | Тариф, сом (1 чарчы метр жалпы аянт үчүн бир жылга) салыксыз |
Калк | 15,10 |
Көп батирлүү турак үйлөрдө жайгашкан башка керектөөчүлөр | 15,10 |