Редакцияот 02.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 2-июну № 8

 

Боо-Терек айылындагы Б.Сатыбеков атындагы орто мектебинин жылытуу системасы жаңылангандан кийинки чыккан эски чоюн (чугун) көп кабыргалуу батареяларды сатуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын мүлккө муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндөгү Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Мыйзамын жетекчилике алып, Боо-Терек айылындагы Б.Сатыбеков атындагы орто мектептин жылытуу системасы жаңылангандан кийин чыккан эски чоюн (чугун) көп кабыргалуу батареяларды сатуу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-октябрындагы кызматкерлердин кеңешмесинин №23 протоколун жана 2021-жылдын 29-октябрындагы №250 чыгыш сандуу буйругун жетекчилике алып ошондой эле 2021-жылдын 23-августундагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан түзүлгөн актынын негизинде, Боо-Терек айылындагы Б.Сатыбеков атындагы орто мектебинин жылытуу системасы жаңылангандан кийин чыккан эски чоюн (чугун) көп кабыргалуу батареяларды сатуу жагын камсыздасын.

2. Сатылган эски чоюн (чугун) көп кабыргалуу батареялардан түшкөн акча каражаттар, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебине которулсун.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, ошондой эле айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

Мамыралиев А.