Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 2-июну № 9
Боо-Терек айылына демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Боо-Терек айылына демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы У.Э.Буланбековдун сунушун угуп жана талкуулап, Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылына демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасын Боо-Терек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э.Буланбековго милдеттендирилсин.
2. Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасынын төмөндөгүдөй ТК техникалык каттоо жөнүндөгү күбөлүгүндөгү маалыматтары эске алынсын:
· Маркасы, модели - Mercedes-Benz 906КА35
· Чыккан жылы - 2005
· Түсү - ак кызыл сызыкчасы менен
· Идентификациялык номери (VIN) – WDB9036621R735763
· Кузовунун № - WDB9036621R735763, шассисинин № - WDB9036621R735763
· Кузовунун түрү – ГРУЗОВОЙ, ФУРГОН
· Орундарынын саны – левый руль С1, 3
· Отундун түрү – дизель
· Кыймылдаткычынын иш көлөмү, СМ3 – 2148
· Кыймылдаткычтын кубаттуулугу, кВт –
· Жүксүз салмагы кг - 2180
· Уруксат берилген максималдуу салмагы, кг – 3500
· Каттоо номери – 01 KG 804 ALB
· Уникалдуу идентификатору (VID) 3600283280920
· Ээси – Осмонбеков Өмүрбек Күлчороевич
· ИЖН/ПИН, ИСН/ИНН – 22211198600237
· Ээсинин дареги – г.Бишкек, Свердловский р-н, улица Славянская, дом 77А
· Берген мекеме – 418051
· Катталган күнү – 30.09.2022
· ТК техникалык каттоо жөнүндөгү күбөлүгүнүн № – АВ 0174763
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Мамыралиев А. |