БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 2-июну № 11
Боо-Терек айылындагы №41 кесиптик лицейинин аймагынын күн батыш жагында жайгашкан ээси жок 0,30 сотых аныкталган жерди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXV сессиясы, айылдагы №41 кесиптик лицейинин аймагынын күн батыш жагында жайгашкан ээси жок 0,30 сотых аныкталган жерди, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү айылдык Кеңешинин “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылынын 22-майындагы протоколдук чечимин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы, №41 кесиптик лицейинин аймагынын күн батыш жагында жайгашкан ээси жок 0,30 сотых аныкталган жерди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына” кайрылып жасатып бүтүрсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адисине, ошондой эле айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Мамыралиев А. |