БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII– чакырылышынын кезексиз XVII – сессиясы
2023-жылдын 16-февралы № 2
“Ношкен Суу” СПА нын бюджетинин 2022-жыл ичи аткарылышы жөнүндө
“Ношкен Суу” СПА нын жетекчиси Т.Матаевдин ишкананын бюджетинин 2022-жыл ичи аткарылышы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги XVII – сессиясынын
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Ношкен Суу” СПА нын бюджетинин 2022-жыл ичи аткарылышы жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Жергиликтүү калкка эгиндерин сугарууда агын суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну алдын алуу боюнча тиешелүү иш чараларды көрүү, өндүрүлбөй калган өндүрүмдөрдү толук кандуу өндүрүү жана жаз мезгилине карата аймактардагы арыктарды, чон арыктарды тазалоо СПА нын жетекчиси Т.Матаевге жүктөлсүн.
3. СПА на келген офистик жабдыктардын кредиттик төлөмдөрүн өз учурунда төлөө боюнча тиешелүү чараларды колдонуу менен иштерди так жүргүзүү жагы СПА нын жетекчиси Т.Матаевге милдеттендирилсин.
4. СПА нын аймагындагы арыктарды тазалоодо жыл сайын керектелип жаткан техниканын муктаждыгына байланыштуу тиешелүү жогорку органдарга кайрылуу менен долбоор жазып бей өкмөт уюмдардан проект менен техника алуу боюнча иш аракеттерди жасоо колго алынсын.
5. “Ношкен Суу” СПА нын 2022-жыл ичи аткарган иштери жогорудагы сунуштарды эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:
|
А. Кубатбеков
|