Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 18- чакырылышынын 3- кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 16-сентябры  №3/10

 

«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо» (АЙЫЛДЫ ИНВЕЦТИЦИЯЛОО ДОЛБООРУ-3 КОШУМЧА КАРЖЫЛОО) долбоорунун алкагында АЙЫЛДЫК КООМЧУЛУКТУН ИНВЕСТИЦИЯЛЫК АССОЦИАЦИЯСЫнын ишмердүүлүгү жөнүндө.

 

 Айылды инвецтициялоо долбоору-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында айылдык аткаруу комитетинин аткарылган иштери боюнча айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетинин төрагасы М.Самтыровдун  маалымат-отчетун угуп жана талкуулап  Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Айылды инвецтициялоо долбоору-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында айылдык аткаруу  комитетинин аткарылган иштери боюнча айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетинин төрагасы М.Самтыровдун маалымат-отчету кабыл алынсын.

2.    Айыл өкмөт башчысы айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аткаруу комитетттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана аткаруу комитети социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирлсин.

 

 Төрага

Ж. Иманкулов