Редакцияот 23.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 23-октябры № 2473-VII

 

“2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген (2024-жылдын 6-сентябрындагы чыг. № 18-7676) “2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

Дж.К. Исаева