Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 18- чакырылышынын 3- кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-сентябры №3/12
Кара-Суу айыл аймагынын Калинин айылындагы тоют топтоо үчүн айыл чарба техникаларын алуу долбоорунун келечектеги, коомго кызмат кылуу багытын аныктоо жана ижарага берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Калинин айылында Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун , Айылды инвецтициялоо долбоору-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында ишке ашырылган: Калинин айылындагы тоют топтоо үчүн айыл чарба техникаларын алуу долбоору ишке ашырылып, жумуш орундары түзүлгөндүгү тууралуу маалымат угулуп, АРИСтин , Айылды инвецтициялоо долбоору-3 кошумча каржылоо долбоорунун координатору М.Д. Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы №05-592 каты көңүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2. АРИСтин , Айылды инвецтициялоо долбоору-3 долбоору аркылуу алынган: Калинин айылындагы тоют топтоо үчүн алынган айыл чарба техникасы бизнес-өнөктөштөргө убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык кещешинин
социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Ж. Иманкулов |