Загрузка документа…
АЛАЙКУАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-сентябрындагы № 8/3
Көк-Арт жана Кан-Коргон айылдарынын кире беришинен айыл ичине чейинки көчөлөрдү жарыктандыруу жөнүндө
Көк-Арт жана Кан-Коргон айылдарынын кире беришинен айыл ичине чейинки көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча жазылган долбоорлорду карап, талкуулап жалпы элдик чогулушунун №14 № 15 протоколдору менен таанышып Алайку айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Алайку айыл өкмөтүнө караштуу Кан-Коргон айылынын 04-09-2022-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 15 протоколу бекитилсин.
2. Алайку айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Арт айылынын 04-09-2022-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 14 протоколу бекитилсин.
3. Көк-Арт жана Кан-Коргон айылдарынын кире беришинен айыл ичине чейинки көчөлөр жарыктандырылсын.
4. 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салым Кан-Коргон айылынын көчө жарыгына 103 854 сом Көк-Арт айылынын көчө жарыгына 292 250 сом бөлүнүп берилсин.
5. Демилгелүү топ түзүлсүн.
6. Демилгелүү топ курулуштун баштан аяк жүрүшүн көзөмөлдөсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алайку айыл өкмөтүнун башчысы Б.Эргешбаевке милдеттендирилсин.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Таалайбек уулу Камбар |