Загрузка документа…
АЛАЙКУАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-ноябрындагы № 9/2
Алайку айыл аймагындагы Кан-Коргон айылынын маданият үйүн жаны курууга документ даярдоо жөнүндө
Алайку айылдык кеңеши Алайку айыл аймагындагы Кан-Коргон айылындагы элдик жыйынынын 04-11-2022-жылдагы №7 протоколу жана Алайку айыл өкмөтүнүн21-11-2022-жылдагы №6 токтому менен таанышып
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Алайку айыл өкмөтүнүн 21-11-2022-жылдагы № 6 токтому бекитилсин.
2. Алайку айыл аймагынын Кан-Коргон айылындагы эски ФАПтын ордуна жаңы маданият үйүн курууга 0,10 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
3. Жерди бөлүп берүүдө мыйзамдуу жагын көзөмөлдөөнү Алайку айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси А.Чотуровко милдеттендирилсин.
4. Жайыт комитетинин төрагасы А.Кожобаевтин иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комитетке тапшырылсын.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Таалайбек уулу Камбар |