Загрузка документа…
АЛАЙКУАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-ноябрындагы № 9/3
Алайку айылдык кеңешинин депутаттарынын сессияларга себепсиз катышпагандыгы үчүн мандаттарын кароо жөнүндө
Алайку айылдык кеңешинин депутаттарынын сессияларга себепсиз катышпагандыгы боюнча комитеттин чечими менен таанышып, угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Регламент депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комитеттин 18.04.2022-жылдагы №1 чечими кабыл алынсын.
2. Максутова Назиракан Адановна Алайку айылдык кеңешинин сессияларына себепсиз 7 жолу катышпагандыгы үчүн мандаты тапшырылсын.
3. Кожобаев Эмил Аманбекович, Турганбаев Нурлан Токтосуновичтерге эскертүү берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү регламент депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комитетинин төрайымы Т.Казматовага милдеттендирилсин.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Таалайбек уулу Камбар |