Загрузка документа…
АЛАЙКУАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-декабрындагы № 10/1
Алайку айыл аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жана айыл өкмөтүнүн 16.12.2022-жылдагы №171 өтүнүч каты менен таанышып, угуп жана талкуулап Алайку айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Алайку айыл аймагына мүлк салыгынын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:
- Кыймылсыз мүлккө салык (турак жайга же жайга мүлк салыгы, турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы);
- Кыймылдуу мүлккө мүлк салыгы (юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы жана жеке жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы);
- Жер салык (жанаша короо жай жана багбанчылык огород жер участокторуна мүлк салыгы, айыл чарбасына тиешелүү жерлерге мүлк салыгы, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы);
2. Мүлк салыгы 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
3. Мүлк салыгынан жергиликтүү бюджетке түшүүчү каражаттарды тактоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Таалайбек уулу Камбар |