Загрузка документа…
АЛАЙКУАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-декабрындагы № 10/2
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин талаптарына ылайык айыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымын жыйноону ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндөгү” кодексинин 24-главасынын 74-беренесин жетекчиликке алып Алайку айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин көбөйтүү жана салыктык эмес кирешелерди жөнгө салуу максатында Алайку айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Алайку айыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымы боюнча кабыл алынган токтомдору 2023-жылдын 1-январынан күчүн жоготсун.
2. Алайку айыл аймагында зоналык коэффицент (КЗ) 1,5 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Мүлк салыгынан жергиликтүү бюджетке түшүүчү каражаттарды тактоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевке тапшырылсын.
4. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Алайку айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Таалайбек уулу Камбар |