Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июлу №17/1
Жан-Булак айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштерин жүргүзүүдө иш жүзүндө (факт жүзундө) киргизилген өзгөрүүлөрдү кароо жөнүндө
Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагы боюнча, Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо тартибин бекитүү тууралуу” №154-НИ буйругунун жана “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо материалдарын корректировкалоо жөнүндө Көрсөтмөнүн негизинде, Жан-Булак айыл аймагынын 12.06.2023-жылдагы №62-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун, Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөрүн карап чыгып, жана талкуулап . Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышындагы ХVII кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Жан-Булак айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөр кабыл алынсын.
2. Жан-Булак айылдык кеңешинин төрагасына жана Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Жан-Булак айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна сунуштоо тапшырылсын.
Төрага |
| Б. Ормокеев |