Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 650 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу
ооруларды эсепке алуунун, каттоонун, алар жөнүндө
билдирүүнүн жана коомдук саламаттык сактоо
жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды эрте аныктоонун
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл - калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо максатында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу боюнча иш.
Эпидемиологиялык көзөмөлдүн максаты - алдын алуу жана эпидемияга каршы иштерди пландаштыруу жана жүргүзүү, ошондой эле коомдук саламаттык сактоо (мындан ары - КСС) кызматынын ишинин артыкчылыктуу багытын аныктоо үчүн жетиштүү түрдө объективдүү эпидемиологиялык маалыматты алуу жана коомдун саламаттыгын жакшыртуу.
2-глава. Кыргыз Республикасында жугуштуу ооруларды эсепке алуу
1. Эсепке алуу жана каттоо системасы менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жугуштуу ооруларды аныкталган жери боюнча милдеттүү түрдө каттоону жана эпидемиологиялык кырдаалга өз убагында баа берүү жана анын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чараларды пландоо үчүн мамлекеттик эсепке алууну, отчеттуулукту жүргүзүүнү карайт.
2. Жугуштуу ооруларды эсепке алуу системасы биологиялык агенттер жана токсиндер менен иштеген уюмдардын ишин көзөмөлдөө максатында, ошондой эле патогендик биологиялык агенттер менен байланышкан калктын саламаттыгына зыян келтирүүнү алдын алуу, аларды биологиялык курал катары жана террористтик актыларда колдонууга жол бербөө үчүн ишке ашырылат.
3. Жугуштуу оорунун диагнозун аныктаган же ага шек санаган медициналык кызматкер iEPID маалымат системасы аркылуу онлайн режимде 1-тиркемеге ылайык форма боюнча жугуштуу оору, тамак-аштан, курч кесиптик уулануу, иммунизациялоодон кийинки кыйыр таасир (ИККТ), ошондой эле белгисиз агент менен байланышкан уулануулар жөнүндө шашылыш билдирүү берүүгө милдеттүү.
4. Шашылыш билдирүүлөр мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы аймактык ыйгарым укуктуу органдарга берилет:
1) карантиндик оорулар аныкталган же ага шектелген учурда 2-тиркемеге ылайык карантиндик оорууларга шектелген оорулууну, өлүктү аныктоодо билдирүү схемасы боюнча байланыш каражаттары (телефон) аркылуу дароо жана iEPID маалымат системасы боюнча онлайн режимде 3 сааттын ичинде;
2) төмөнкү учурлар жөнүндө 12 сааттын ичинде:
- 3-тиркемеге ылайык саламаттык сактоо уюмдарында жекече эсепке алынууга жана отчеттуулукка тийиш болгон жугуштуу оорулардын, анын ичинде өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын тизмегине ылайык жугуштуу ооруларга шектелген;
- жугуштуу оорулардан каза болгон;
- кутурма оорусуна шектелген катары каралууга тийиш болгон жаныбарлар тиштеген, тыткан, шилекейлеген;
3) активдүү кургак учук аныкталган учурда 24 сааттын ичинде;
4) өлүктөрдү союу убагында жугуштуу ооруга шектелген учурлар жөнүндө шашылыш билдирүү патологиялык-анатомиялык бөлүмдүн медициналык персоналы тарабынан союу аяктагандан кийин 3 сааттын ичинде берилет;
5) баштапкы же өзгөргөн диагнозду ырастоо шашылыш билдирүү берилген учурдан тартып 7 күндүн ичинде iEPID маалымат системасы аркылуу онлайн режимде берилет.
5. Менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары 4-тиркеме ылайык саламаттык сактоо уюмдарында эсепке алынууга жана отчеттуулукка тийиш болгон жугуштуу оорулардын жана башка абалдардын тизмегине ылайык ай сайын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыйынтык отчетту берүү менен жекелештирилген эсепке алууну жүргүзүүгө тийиш.
6. Жугуштуу оорулар менен ооругандар, ооруга шектелгендер, ошондой эле иммунизациялоодон кийинки кыйыр таасирлер (ИККТ), жаныбарлар тиштеген, тыткан, шилекейлеген учурлар жөнүндө маалыматтар медициналык документтерге киргизилет.
7. Жугуштуу оорулар менен ооругандар, мындай ооруларга шектелген адамдар жана алар менен байланышта болгон адамдар, ошондой эле жугуштуу ооруулардын козгогучтарын алып жүрүүчүлөр болуп саналган адамдар, эгерде алар башкаларга коркунуч туудурса, милдеттүү түрдө ооруканага жаткырылууга жана/же изоляцияланууга тийиш.
8. Менчигинин түрүнө карабастан микробиологиялык лабораториялардын медицина кызматкерлери карантиндик жана өзгөчө кооптуу микроорганизмдерди аныктаган учурда - токтоосуз, ал эми башка бөлүнүп чыккан биологиялык агенттерге - 12 сааттын ичинде iEPID маалымат системасы боюнча онлайн режимде мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы ыйгарым укуктуу аймактык борборлордун оперативдүү бөлүмдөрүнө билдирет. Ошондой эле улуттук/республикалык лабораториялар өздөрүнүн оперативдик бөлүмдөрүнө билдирет.
Менчигинин түрүнө карабастан тамак-аш азыктарына микробиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүчү лабораториялар патогендик микроорганизмдерди аныктаган учурда 24 сааттын ичинде мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы ыйгарым укуктуу аймактык борборлордун оперативдүү бөлүмдөрүнө билдирет, алар тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине маалымдайт.
9. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси жугуштуу ооруларды каттоонун жана эсепке алуунун толуктугу, аныктыгы жана өз убагында катталышы, ошондой эле диагноздун өзгөрүшү жана ырасталышы же өлүм үчүн административдик жоопкерчилик тартат.
10. 1-4-топтогу патогендик микроорганизмдер менен иштеген Кыргыз Республикасынын микробиологиялык лабораторияларынын ишин контролдоо мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш.
11. 1-4-топтогу патогендик биологиялык агенттерди бөлүү боюнча диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүчү же алар менен иштеген бөлүмдөр Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен форма боюнча патогендик биологиялык агенттердин кыймылын жана сакталышын эсепке алууну жүргүзүүгө тийиш.
12. 1-4-топтогу патогендик биологиялык агенттерди ташуу учурунда авариялар, кырсыктар келип чыккан, жөнөтмөлөр жоголгон жана уурдалган учурда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына, улуттук коопсуздук, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга тиешелүү чараларды көрүү үчүн кабарлоо зарыл.
13. 1-4-топтогу патогендик биологиялык агенттерди башка өлкөлөргө андан ары илимий изилдөөлөр үчүн жөнөтүүгө жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий суроо-талабы жана алууга уруксаты болгондо гана алууга уруксат берилет.
3-глава. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды эрте аныктоо боюнча иш-чаралар
14. Кыргыз Республикасындагы коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды жана окуяларды эрте аныктоо жана чара көрүү iEPID маалымат системасы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүү (шашылыш билдирүүлөр, жалпыга маалымдоо каражаттарынын мониторинги, ДСУ маалыматы ж.б.) аркылуу ишке ашырылат.
15. Негизги багыттар:
1) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды эрте аныктоо жана кабарлоо максатында жугуштуу оорулардын катталган учурларына, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жана башка булактардагы маалыматтарга күн сайын мониторинг жүргүзүү;
2) тиешелүү адистер тарабынан саламаттык сактоо жаатындагы потенциалдуу өзгөчө кырдаалдарды жана окуяларды верификациялоо (ырастоо), иликтөө жүргүзүү;
3) калктын саламаттыгына коркунуч туудурган коомдук саламаттык сактоо жаатындагы тобокелдиктерге мониторинг жана талдоо жүргүзүүнү камсыз кылуу;
4) жугуштуу оорулардын чыгуусу жөнүндө жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдар жөнүндө Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер (мындан ары - ЭМСЭ) боюнча улуттук координаторго маалымат берүү;
5) ЭМСЭ иш-чараларына ылайык коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча башка министрликтер жана ведомстволор менен өз ара аракеттенүү жана катышуу;
6) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды аныктоо жана чара көрүү менен байланышкан ченемдик документтердин долбоорлорун иштеп чыгууну уюштуруу, катышуу;
7) санариптик технологияларды колдонуу менен коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарды аныктоо;
8) алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды пландоодо жана бул жаатта потенциалды чыңдоодо саламаттык сактоо уюмдарына консультациялык-методикалык жардам көрсөтүү;
9) саламаттык сактоо уюмдарынын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даярдыгын баалоого катышуу;
10) жалпыга маалымдоо каражаттарында ишенимдүү эпидемиологиялык кырдаалды чагылдыруу;
11) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы тиешелүү адистерди тартуу менен жугуштуу оорулар боюнча мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарда тобокелдикти баалоо.
|
| 1-тиркеме |
Жугуштуу оору, тамак-аштан, курч кесиптик уулануу,
иммунизациялоодон кийинки кыйыр таасирлер,
ошондой эле белгисиз агент менен байланышкан
уулануулар жөнүндө шашылыш билдирүүнүн
формасы
1) Саламаттык сактоо уюмунун коду ________________________________________________________
2) Шашылыш билдирүүнүн түрү (жугуштуу оору, тамак-аштан, курч кесиптик уулануу, эмдөөгө адаттан тыш реакция, жаныбардын/курт-кумурскалардын чаккандыгы ж.б. жөнүндө)
Алгачкы маалымат
3) Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органына алгачкы сигналдын датасы жана сааты (телефон аркылуу ж.б.)
4) Маалымат берген адамдын аты-жөнү _______________________________________
5) Баштапкы диагноз (МКБ-10 диагнозу) _______________________________________
6) Тастыкталган (лабораториялык, клиникалык-эпидемиологиялык)
Жеке маалымат
7) Жарандыгы ____________________________________
8) Толук аты-жөнү _________________________________
9) Туулган күнү ___________________________________
10) Жынысы _____________________________________
11) Ооруган убактагы жашы ________________________
12) Мобилдик телефону ___________________________
13) Социалдык статусу ____________________________
14) Орду (жумуш, окуу, мектепке чейинки билим берүү уюму) ________________________
15) Дареги (жумуш, окуу, мектепке чейинки билим берүү уюму) _______________________
16) Акыркы барган датасы (жумуш, окуу, мектепке чейинки билим берүү уюму) _______________________
Жашаган жери жана катталган дареги
17) Катталган дареги (өлкө, облус, район, а/а, калктуу пункт, көчө, үй, батир) ________________________
18) Жашаган жеринин дареги (өлкө, облус, район, а/а, айыл, көчө, үй, батир) ________________________
19) Аймактардан келген ________________________
20) Жашаган жеринин түрү (үй, жатакана, батир) ________________________
21) ССУ катталган ________________________
Оору
22) Ооруган датасы ________________________
23) Алгачкы кайрылуунун датасы ________________________
24) Диагноз коюлган датасы ________________________
25) Дарылоонун түрү (амбулатордук, стационардык) ________________________
Корутунду
26) Акыркы диагноз коюлган датасы ________________________
27) Акыркы диагноз ________________________
28) Оорунун натыйжасы (айыккан, дарылоону уланткан, өлүм) ________________________
29) Өлгөн датасы ________________________
30) Эскертүү ________________________
Эскертүү:
Шашылыш билдирүү ушул формага ылайык түзүлөт жана жугуштуу ооруга, тамак-аштан, курч кесиптик ууланууга, иммунизациялоодон кийинки кыйыр таасирге шектелген оорулууну аныктаган медициналык кызматкер тарабынан берилет, ошондой эле диагноз өзгөргөндө оорулуу аныкталган жери боюнча аймактык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жөнөтүлөт.
Диагноз өзгөргөн учурда iEPID маалымат системасындагы шашылыш билдирүүдө өзгөртүлгөн диагноз, анын аныкталган датасы жана баштапкы диагноз көрсөтүлөт.
Үй же жапайы жаныбарлар тиштеп, тыткан же шилекейлеген учурларда да шашылыш билдирүү түзүлөт, аларды кутурма оорусуна шектенүү катары эске алуу зарыл.
ВИЧ учурлары жөнүндө шашылыш билдирүү iEPID аркылуу берилбейт. Мындан тышкары, ВИЧ учурлары боюнча шашылыш билдирүү берүүдө аты-жөнү графасында лабораториялык текшерүүнүн номери көрсөтүлөт, жашаган дареги жана каттоо графасында калктуу конушу гана көрсөтүлөт, ошондой эле ВИЧ-статусун ачыкка чыгарбоо максатында башка жеке маалыматтар дагы көрсөтүлбөйт.
|
| 2-тиркеме |
Карантиндик, өзгөчө кооптуу ооруларга, мүмкүн
болуучу пандемиялык потенциалы бар
инфекцияларга, тамак-аштан тобу менен ууланууга
шектелген оорулууну/өлүктү аныктоодо билдирүү
схемасы
Эскертүү:
1. Медициналык кызматкер же уюмдун жетекчиси карантинге, өзгөчө кооптуу ооруларга, мүмкүн болуучу пандемиялык потенциалы бар инфекцияларга, тамак-аштан тобу менен ууланууга шектелген оорулууну/өлүктү аныктоодо санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жаатындагы аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет, ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине маалымдайт.
2. Менчигинин түрүнө карабастан бардык лабораториялар патогендик микроорганизмдерди, карантиндик өтө кооптуу жана жаңы микроорганизмдердин тибине кирбеген микроорганизмдерди аныктоодо санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жаатындагы аймактык мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү. Республикалык деңгээлдеги лабораториялар өзүнүн оперативдүү бөлүмдөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине маалымдайт.
3. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору (аймактык):
- бул учурду тастыктоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине маалымдайт;
- инфекциянын мүмкүн болуучу булагын аныктоо үчүн териштирүүнү уюштурат жана байланышта болгондорду аныктайт;
- калк арасында оорунун жайылышына жол бербөө боюнча эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чараларды уюштурат.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти маалыматты алганда:
- бул ооруну локалдаштыруу боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүн координациялайт;
- зарыл болгон учурда инфекциянын очогун локалдаштыруу боюнча консультациялык-методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү үчүн тиешелүү адистерди жиберет;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине маалымдайт;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте бул оорунун жайылышын алдын алуу максатында карантиндик чараларды киргизүү жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги карантиндик, өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын ар бир учуру, ошондой эле бир коомдук тамактануу пункту менен байланышкан тамак-аш менен массалык түрдө уулануу тууралуу фактылары боюнча беш жана андан ашык учурлар катталганда жана өлүм катталган ар бир учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымдайт.
|
| 3-тиркеме |
Саламаттык сактоо уюмдарында жекече
эсепке алынууга жана отчеттуулукка тийиш болгон
жугуштуу оорулардын
тизмеги
1. Карантиндик оорулар:
1) чума /А20/;
2) холера /А00/;
3) сары безгек /А90-А99/.
2. Өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар:
1) сибирь жарасы /А22/;
2) кутурма /А82/;
3) келте /А75/;
4) кайталануучу келте (Брилл оорусу) /А75.1/;
5) куш тумоосу /J10/;
6) Конго-Крым геморрагиялык безгеги /А98.0/;
7) денге безгеги /А97.2/;
8) Батыш Нил безгеги /А92.3/;
9) маймыл чечеги /В04/;
10) оор өтүүчү белгисиз этиологиядагы башка инфекциялар, ТОРС /В99/.
3. Лепра (Гансен оорусу) /А30/.
4. Бактериялык инфекциялар:
1) ич келте A /01.0/;
2) паратиф A, В /A01.1-A01.4/;
3) башка сальмонелла инфекциялары /А02/;
4) дизентерия (шигеллез) /А03.0/;
5) башка бактериялык ичеги инфекциялары /А04/;
6) башка бактериялык тамак-аштан уулануулар /А05/;
7) ботулизм /А05.1/;
8) селейме /А33/;
9) скарлатина /А38/;
10) бактериялык менингит /G00.1-G00.9/;
11) менингококк инфекциясы /А39/;
12) көк жөтөл /A37/;
13) дифтерия /А36/;
14) кургак учук (A15-A19);
15) боррелиоз /А69.2/;
16) бруцеллез /А23/;
17) Ку-калтыратмасы /А78/;
18) лептоспироз /А27/;
19) туляремия /А21/.
5. Вирустук инфекциялар:
1) кене вирустук энцефалит /А84/;
2) энтеровирустук менингит /А87.0/;
3) чечек /В01/;
4) вирустук гепатит /В15-В19/;
5) курч кармаган вирустук А гепатити /В15/;
6) курч кармаган вирустук В гепатити /В16/;
7) В гепатитинин вирусун алып жүрүүчүнүн курч дельта (супер) инфекциясы /В17.0/;
8) курч кармаган вирустук С гепатити /В17.1/;
9) курч кармаган вирустук Е гепатити /В17.2/;
10) адамдын иммундук жетишсиздик вирусунан пайда болгон оору /В20-В24/;
11) инфекциялык мононуклеоз /В27/;
12) кызамык /В05/;
13) эпидемиялык паротит /В26/;
14) кызылча /В06/ (анын ичинде тубаса кызылча);
15) полиомиелит /А80/;
16) жаңы вирустук инфекциялар.
Эскертүү: ВИЧ учурлары жөнүндө шашылыш билдирүү iEPID аркылуу берилбейт. Мындан тышкары, ВИЧ учурлары боюнча шашылыш билдирүү берүүдө аты-жөнү графасында лабораториялык текшерүүнүн номери көрсөтүлөт, жашаган дареги жана каттоо графасында калктуу конушу гана көрсөтүлөт, ошондой эле ВИЧ-статусун ачыкка чыгарбоо максатында башка жеке маалыматтар дагы көрсөтүлбөйт.
6. Мите-курт оорулары:
1) безгек /В50/;
2) лейшманиоз /В55/;
3) токсоплазмоз /В58/;
4) эхинококкоз /В67/;
5) цистицеркоз /В69/;
6) тениидоз /В68/;
7) трихинеллез /В75/;
8) описторхоз /В66/;
9) дифиллоботриоз /В70.0/;
10) стронгилоидоз /В78/;
11) трихоцефалез (власоглав) /В79/;
12) анкилостомидоз /В76/;
13) амебиаз /А06/.
|
| 4-тиркеме |
Саламаттык сактоо уюмдарында эсепке алууга жана
отчеттуулукка тийиш болгон жугуштуу оорулардын жана
башка абалдардын
тизмеги
Эсепке алууга жана сандык отчет берилүүгө тийиш болгон оорулар
1. Тери инфекциялары жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар:
1) бардык формадагы сифилис, анын ичинде тубаса /А50-А53.9/;
2) гонореянын бардык формалары /А54.0-А54.9/;
3) котур /В86/.
2. Вирустук инфекциялар:
1) сасык тумоо /J09, J10/;
2) ковид-19 /U07.1, U07.2/;
3) жогорку дем алуу жолдорунун көп же такталбаган локализациядагы курч инфекциялары (курч ларингофарингит, башка көп локализациялар, жогорку дем алуу жолдорунун такталбаган локализациясы).
3. Мите-курт оорулары:
1) энтеробиоз /В80/;
2) аскаридоз /В77/;
3) гименолепидоз /В71.0/.
Эсепке алына турган оорулар
4. Эсепке алынуучу башка абалдар:
1) адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу менен шартталган симптомсуз инфекциялык статус /Z21/;
2) жугуштуу оорунун козгогучун алып жүрүү /Z22/;
3) ич келте оорусунун козгогучун алып жүрүү /Z22.0/;
4) ичеги-карындын башка жугуштуу ооруларынын козгогучун алып жүрүү /Z22.1/;
5) дифтерия оорусунун козгогучун алып жүрүү /Z22.2/;
6) башка такталган бактериялык оорулардын козгогучтарын алып жүрүү /Z22.3/;
7) башка жугуштуу оорунун козгогучун алып жүрүү /Z22.8/;
8) жаныбарлардын тиштеп, шилекейлеп, тытып алуусу /Х20-Х29, W53-W59/;
9) профилактикалык эмдөөлөргө адаттан тыш реакциялар /Т88.1/.
5. Тери инфекциялары жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар:
1) трихомониаз /А59.0/;
2) хламидиоз /А56.0/;
3) гарднереллез /А63.8/;
4) урогениталдык кандидоз /В37/;
5) урогениталдык герпес /А60/;
6) уреаплазмоз /А63.8/;
7) баштын чач бөлүгүнүн жана сакалдын дерматофитиясы /В35.0/;
8) тырмактын дерматофитиясы /В35.1/;
9) колдун дерматофитиясы /В35.2/.