ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезекcиз ХIХ сессиясынын
2023-жылдын 2-августундагы № 2
«Ташлак айыл аймагындагы №124 орто мектебине 5-класска орус тилинде окутууну ачуу жөнүндө»
Кара-Суу районунун Шарк аймагынын Ташлак айылындагы №124 орто мектебинин администрациясы жана окуучуларынын ата-энелеринин жамааттык арызын карап чыгып (кир. №107/5 2023 11 июль), талкуулап Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
Токтом кылат:
1. №24 орто мектебинде 5-класска орус тилинде окутуу ачылсын;
2. Шарк айыл аймагындагы №124 орто мектебине 5-класска орус тилинде окутууну ачуу боюнча Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгына суралсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.
Шарк айылдык Кеңешинин торагасы: |
| С.Абзалов |