Редакцияот 02.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезекcиз ХIХ сессиясынын

 

2023-жылдын 2-августундагы № 1

 

“Шарк айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген Жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Шарк айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 2-августуна карата жергиликтүү бюджетинин 6-айлык отчетун аткарылышынын жыйынтыктарын негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин тийиштүү адистер менен такталгандыгы, бул маселени айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын жана протоколун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-статьясын жетекчиликке алуу менен айылдык Кеңеш:

 

Токтом кылат:

 

1. Шарк айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтү бюджетинде эконом болуп калган акча каражаттарын зарыл болгон жумуштарды аткаруу максатында төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-70629 «Турак – жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын:

2215 статьясы эсебинен – 128,0 миң сом, 3112 статьясы эсебинен – 250,0 миң сом жана 3113 статьясы эсебинен – 220,0 миң сом болуп, жалпысынан – 598,0 миң сом;

-70825 «Маданият боюнча башка иш чаралар» тармагынын: 2215 статьясы эсебинен – 400,0 миң сом;

-70911 «Мектепке чейинки билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын: 2215 статьясы эсебинен – 11,0 миң сом жана 3112 статьясы эсебинен 100,0 миң сом болуп, жалпысынан – 111,0 миң сом;

 

-70921 «Билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын: 3112 статьясы эсебинен – 300,0 миң сом болуп, тармактар боюнча бардыгы – 1409,0 миң сом кыскартылып төмөндөгү тармактардын статьяларына отургузулсун;

-70111 «Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдары боюнча каражаттары» тармагынын: 3112 статьясына 58,0 миң сом;

-70629 «Турак–жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын: 2221 статьясына – 259,0 миң сом жана 3111 статьясына - 376,0 миң сом болуп, бардыгы - 635,0 миң сом;

-70825 «Маданият боюнча башка иш чаралар» тармагынын: 2222 статьясына – 100,0 миң сом,;

-70911 «Мектепке чейинки билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын 2221 статьясына – 136,0 миң сом;

-70921 «Билим берүү боюнча каражаттары» тармагынын 2215 статьясына – 106,0 миң сом, 2221 статьясына – 30,0 миң сом жана 3111 статьясына – 44,0 миң сом болуп бардыгы – 180,0 миң сом;

-71092 «Социалдык коргоо» тармагынын 2721 статьясына – 300,0 миң сом болуп, бардык тармактар боюнча – 1409,0 миң сом.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Шарк айылдык Кеңешинин торагасы:

 

С.Абзалов