КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 19-отуруму
2023-жылдын 29-мартындагы № 19/4
Корул айыл өкмөтүндөгү жазгы талаа иштери жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жөнүндө
Корул айыл өкмөтүндөгү жазгы талаа иштери жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдын башы көбөйгөндүгүнө жана экологиялык өзгөрүүлөрдүн себебинен жайыттарга чөп чыкпай, тоют камдоо кыйындап жаткандыгы белгиленип, кышка карата тоют камдоо үчүн калкты сапаттуу жана арзандатылган уруктар менен камсыздоо жагы каралсын.
2. Айлана чөйрөнү көрктөндүрүү максатында ар жума сайын ишембиликтер уюштурулуп, жергиликтүү тургундар өздөрүнө тиешелүү аймактарга тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн калк арасына түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун ишке ашыруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Турганбаев Мустафага жана Социалдык иштер, билим берүү, маданий массалык иштер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрайым |
| М. Абдыкадырова |