Редакцияот 29.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 19-отуруму

 

2023-жылдын 29-мартындагы № 19/3

Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктунун негизинде жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүп, жалпы жайыттарды пайдалануунун 2022-жылдык планынын негизинде Корул айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Корул айыл өкмөтүнүн жайыт комитети 2022-жыл ичинде коюлган планы толугу менен аткарылып, алгылыктуу жумуштардын толук кандуу аткарылгандыгы белгиленсин.

 

2. 2023-жылга жайыт пайдалануучуларга бир баш малга төмөндөгүдөй болуп

1) Бир баш бодо малга - 60 сомдон

2) Бир баш жылкыга - 70 сомдон

3) Бир баш кой, эчкиге - 20 сомдон болуп, жайыттын төлөм акысы бекитилип 2023-жылга карата жайыт комитетинин иш-планы жыйынтыгы 250,0 сомго бекитилсин.

 

3. Элдин малын баккан падачыларга сырттан алып келген малдарына жогорудагы көрсөтүлгөн суммалардан эки эсеге көп акча каражатын төлөй тургандыгы жөнүндө алдын ала эскертүүлөр берилсин жана айтылган акча каражатын төлөбөгөн мал багуучуларга мыйзам чегинде айып пулдар салынсын.

4. Жайыт комитетине жайыттарды пайдалануу боюнча аткарыла турган баардык иш чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыт жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын жана пландарды өз убагында бекитилген тартипте даярдоодо, бекитүүдө жана аткарууда айыл өкмөттүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу милдеттендирилсин.

 

5. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Турганбаев Мустафага милдеттендирилсин

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

М. Абдыкадырова