Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 18-отурумунун

 

2023-жылдын 27-февралындагы № 18/3

 

Корул айылдык Кеңешинин 2023-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде жана Корул айылдык кеңешинин Регламентине ылайык 2023-жылга карата иш - планды бекитүү үчүн туруктуу комиссиялардын талкуусун угуп жана алардын сунуштарына ылайык Корул айылдык кеңеши

Т О К ТО М К Ы Л А Т:

 

1. Корул айылдык кеңешинин 2023-жылга карата иш-планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

2. Корул айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планды өз мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык кеңешинин төрагасы Т.Нажимидин уулунун өз жоопкерчилигине калтырылсын.

 

 

Төрага

 

Нажимидин уулу Тазабек

 

 

 

Корул айылдык Кеңешинин

7-чакырылышын 6-отурумунун

2023-жылдын 27-февралындагы

№ 18/3 токтомуна тиркеме

 

Корул айылдык Кеңешинин 2023-жылга карата

Иш –планы

 

№

Аткарылуучу иштер

Жыйынтык

талган

убактысы

 Аткарууга

 жооптуулар

 

Ким көзөмөлдөйт

1-о т у р у м (17)

1

Корул айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча маалымат.

2023-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана бюджеттин 2024-жылга карата болжолдуу долбоорун кабыл алуу

Январь

Айыл өкмөт башчы

ФЭБ башчы

Тийиштүү туруктуу комиссиялар

Айылдык кеңеш

 

 

 

 

 

2

Корул айыл өкмөтүнүн 2023-2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү

 

Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы

Айылдык кеңеш

3

Корул айылдык Кеңешинин 2023-жылга карата иш-планын бекитүү.

Январь

Туруктуу

 комиссиялар.

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы

Айылдык кеңеш

 

2- о т у р у м (18)

 

1

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча

айыл өкмөттөгү иштердин жалпы абалы.

Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу

Корул айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин (жооптуу катчы, МЧС, салык кызматкери, соц кызматкер, ВУС кызматкери , жер адис, маданият кызматкерлери) маалыматын угуу

 

Январь

 

М. Турганбаев

Н.Тоотаева

Тиешелүү адистер

Айылдык кеңеш

 

2

Корул айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата иш планын угуу

Январь

М Турганбаев

Айылдык кеңеш

 

3

Жайыт пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчетун угуу жана жайыт комитетинин техникалары жөнүндө маалымат.

2023-жылга карата жайыттарды пайдалануунун жылдык иш планын угуу жана бекитүү

Малдын башына жана түрүнө жараша жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн төлөмдөрдүн тарифтерин бекитүү

 

 

 

 

 Январь

Айыл өкмөт башчы

 

Жайыт комитетинин төрагасы

Айылдык кеңеш

 

4

Арал Таза суу ишканасынын 2022-жыл ичинде аткарган иш аракеттери боюнча маалыматын угуу жана баа берүү

Январь

Д.Умаров

Айылдык кеңеш

5

Шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жыйындарды уюштуруу

Январь

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

Айылдык кеңеш

 

3-отурум (19)

1

Корул айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу кен-байлыктар боюнча

иш алып барган жеке ишкерлердин

иши боюнча маалымат угуу

Февраль

Айыл өкмөт башчысы

Салык кызматкери

Айылдык кеңеш

Жер жана агрардык

маселелер боюнча

туруктуу комиссия

2

Корул айыл өкмөтү боюнча жазгы талаа жумуштарына даярдык, коомдук жайларды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруулардын иш абалы жөнүндө

Февраль

М.Турганбаев

А. Ысаков

Айылдык кеңеш

 

3

АЖМФ(Госфонду)жерлерин натыйжалуу пайдалануу, ижара акысы жана мыйзам талабына ылайык мөөнөтү бүткөн арендага берилген жерлер боюнча маалымат угуу.

Февраль

М.Турганбаев

А. Ысаков

Айылдык кеңеш

Жер жана агрардык

маселелер боюнча

туруктуу комиссия

 

4

 

Айылдык Кеңештен чыккан

токтомдордун аткарылышы боюнча

көзөмөл жүргүзүү

Февраль

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

 

Айылдык кеңеш

4-о т у р у м (20)

1

Корул айыл өкмөтү боюнча табигый кырсыктардын алдын алуу жана аны

жоюу боюнча жүргүзүлүүчү иштердин планын түзүү жана ишке ашыруу

 

Март

М.Турганбаев

С. Жакыпов

Жер жана

агрардык маселелер

боюнча туруктуу

комиссия

2

Жаз мезгилине карата 3 айлык ишембилик жарыялоо жана айыл тургундарын ишембиликке жалпы чакыруу.

Март

М Турганбаев

Айыл башчылар

Айылдык кеңеш

 

3

Корул айыл өкмөтүндөгү айыл тургундарына өз убагында жайлоого көчүрүү жана көчүп келүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана иш алып баруу

 

Март

Айыл өкмөт башчы

Айыл башчылар

Жер адис

Жамааттар жана

Граждандык коом

менен иш алып баруу боюнча туруктуу

комиссия

5-о т у р у м (21)

1

Коомдук тартипти сактоонун абалы, окуучулардын бири-бирине

үстөмдүк кылуусун, түнкү

отуруштарды болтурбоо үчүн

түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Апрель

Аймактык-тескөөчү

инспекторлор

Социалдык иштер

жана билим берүү

боюнча боюнча

туруктуу комиссия

 

2

Корул а/өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин жана бала бакчаларынын окуу-тарбия иштери боюнча көзөмөлгө алуу.

 

Апрель

Мектеп

директорлору

Социалдык иштер

жана билим берүү

боюнча боюнча

туруктуу комиссия

3

“Арал таза суу”ишканасынын

жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат угуу

 

Апрель

Д.Умаров

 

Таза суу боюнча тийиштүү комиссия

4

Корул айыл өкмөтүндөгү көчөлөргө

аты коюлган жарандардын көрнөк жарнактарынын жаңылануусуна туура жазылышына жана көчөнүн тазалыгы боюнча коюлган талаптардын аткарылышына баа берүү жана көзөмөлгө алуу.

 

 

 

Апрель

 

Айыл башчылар

Көчө башчылар

Инвестиция тартуу

жана жамааттар менен иш алып баруу боюнча туруктуу

комиссия

6-о т у р у м (22)

1

Корул айыл өкмөтүнүн социалдык -экономикалык көрсөткүчүнүн биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштери боюнча маалымат угуу.

Айыл өкмөттүн бюджетинин алты айлык аткарылышы боюнча маалымат угуу

 

Июль

 

М .Турганбаев

Н .Тоотаева

 

Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссия

2

Корул айыл өкмөтүндөгү 1-Май,

Олжеке, Тогуз-Булак, Кең-Жылга, Арал ФАПтарынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат угуу

 

Июль

Г.Султанова

Г.Бокеева

Ж..Козуева

А.Жолдошова

Ы. Жаяева

Социалдык маселелер жана билим берүү

боюнча туруктуу

комиссия

3

Жаңы окуу жылына карата билим

берүү мекемелеринин даярдыгы

боюнча маалымат угуу.

Июль

Мектеп директорлору

Социалдык маселелер жана билим берүү боюнча боюнча

туруктуу комиссия

4

Корул айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин аткарып жаткан иштери боюнча маалымат угуу.

Июль

Маданият үйүнүн башчысы

Китепкана башчылары

Социалдык маселелер жана билим берүү боюнча боюнча

туруктуу комиссия

5

Корул айыл өкмөтүндөгү калкты

жана социалдык объектилерлерди

кышка карата даярдоо, көмүр отун

менен өз мөөнөтүндө камсыз кылуу

Июль

М .Турганбаев

Айыл башчылар

Мектеп директорлору

Социалдык маселелер жана билим берүү боюнча боюнча

туруктуу комиссия

6

Аймактык тескөөчү

инспекторлорунун жарым жылда

аткарган иштери тууралуу маалымат угуу

Июль

Аймактык тескөөчү

Мыйзамдуулук

укук тартиби боюнча

туруктуу комиссия

7

Айылдык Кеңештен чыккан

токтомдордун аткарылышы боюнча

көзөмөл жүргүзүү

Июль

Айыл өкмөт башчы Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

Айылдык кеңеш

 

 

 

7-о т у р у м (23)

1

Корул а/өкмөтүндөгү социалдык объектилердин кышка карата даярдыгы боюнча маалымат угуу.

 

Октябрь

М. Турганбаев

Мектеп директорлору

Айылдык кеңеш

2

Корул а/өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүгүү планынын жана бюджетинин тогуз айда аткарылышы боюнча маалымат.

 

Октябрь

 

М. Турганбаев

Н.Тоотаева

Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссия

3

“Арал таза суу”ишканасынын

жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат угуу

Октябрь

Д.Умаров

 

Таза суу боюнча

атайын тийиштүү

комиссия

4

Айылдык Кеңештен чыккан

токтомдордун аткарылышы боюнча

көзөмөл жүргүзүү

 

 

Октябрь

Айыл өкмөт башчы

Туруктуу

комиссиялардын төрагалары

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы

Айылдык кеңештин

төрагасы

 

8-о т у р у м (24)

1

Корул айыл өкмөтү боюнча

мекеме ишканалардын жыл

ичинде аткарган иштери боюнча маалыматын угуу.

 

Декабрь

Мекеме жетекчилер

Мектеп директорлору

Бала бакча башчылары

Айылдык кеңеш

2

Корул айыл өкмөтүнүн Ардагерлер уюмунун жана Аксакалдар сотунун,

каада- салт үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча иш алып баруусу тууралуу маалымат угуу.

 

Декабрь

Аксакалдар сотунун төрагасы

Айылдык кеңеш

3

Аймактык тескөөчү инспекторлорунун бир жылдык аткарган иш -аракеттери боюнча маалымат.

Декабрь

Аймактык тескөөчү

Мыйзамдуулук укук тартиби боюнча туруктуу комиссия

4

Корул айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын түзүү жана бекитүү

Декабрь

Туруктуу комиссиялар, а/к жооптуу катчысы

Айылдык кеңеш

5

Туруктуу комиссиялардын 2024-жылга карата иш-пландарын бекитүү

Декабрь

Туруктуу комиссиялар

Айылдык кеңеш

6

Айылдык кеңештин депуттарынын, айыл өкмөт кызматкерлеринин жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдык аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо.

Декабрь

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

Айыл өкмөт башчы

Айылдык кеңеш

7

Айылдык Кеңештен чыккан токтомдордун аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүү

Декабрь

Айыл өкмөт башчы

Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

Айылдык кеңеш

 

 

 

Корул айылдык кеңештин жооптуу катчысы

 

Б. Бокоева