Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз X сессиясы

2023-жылдын 14-февралы № 10/ 5

Сары-Колот айыл аймагынын ички чарбалык арыктарын айыл

өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө

 

Сары-Колот айыл аймагына караштуу “Ворух-Али” СПАсынын балансасындагы 42 километр ички чарбалык арыктарын 2021-жылдын 27-октябрындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине сууну пайдалануучулардын бирикмелери ассоциациялары жана сууну

пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын негизинде Сары-Колот айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. “Ворух-Али” СПАсынын балансасындагы 42 километр ички чарбалык арыктарын айыл өкмөтүнүн балансасына өткрүү үчүн “Ворух-Али” СПАсынын жетекчиси менен инвентаризация иштерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери, айыл башчылар менен биргеликте инвентаризация иштерин жүргүзүшсүн.

2.Сары-Колот айыл аймагындагы “Ворух-Али СПАсынын” 42 километр ички чарбалык арыктарын актынын негизинде айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алынсын.

3.Айыл өкмөтүнүн балансасына өткөн ички чарбалык арыктарды баланска алуу үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдап баланска алуу жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары Э. Эшиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Молдоев